www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НПОчулар Азиза Абдирасулова менен Төлейкан Исмамилова өмүр бою эркинен ажыратылган Азимжан Аскаровдун көз жумгандыгына байланыштуу аны жоктошуп, анын өлгөнүнө ишене албай, сай сөөктөрү сыздап аткан постторун жазышыптыр. Алардын постторуна ишенсен, маркум Азимжан Аскаров эч кимге зыяны жок, өмүрүндө бирөөгө жамандык кылбаган, колунан жаман иш келбеген адам болуп чыга келет. Бирок андай эмес экенин баарыбыз билебиз го… Аны айтып олтурбайын… Башкасын айтайын.

НПОчу эжекелердин минтип «катуу кайгырышып», Аскаровдун өлүмүнө бийликти күнөөлөп атканы да жөн жерден эмес. Адам укугу маселесин кесиптик куралдарына айландырып алышкан эжекелерибиз Аскаровдун абакта жаткандыгын бетке кармашып, сырттан жакшы эле гранттык каражаттарды алып турушту. Эми анын өлүмүн бетке кармашып, «кокуй, Кыргызстанда адам укугу өлдү, Аскаровдун өлүмүнө бийлик күнөөлүү» дегенди бетке кармашып, АКШ, Батыштан каражат өндүрүү аракетин көрүшө башташат. «Бийлик күнөөлүү» деген «ырды» андан бетер катуу ырдашып, грант бергичтерге багытталган коңгуроону кага беришсе, ага таң калбайлы. «Колдо турган коенду, коё берүү болобу» демекчи, Аскаровдун өлүмүн бетке кармашып, акча жасоо мүмкүнчүлүгүн кантип колдон чыгарышсын…

Чындап келгенде, бул НПОчулар Азимжан Аскаровдун кылмышы кечиримсиз экенин, Ош коогалаңынын уюштуруучу лидерлеринин бири катары кылган кылмышына татыктуу жаза өтөп атканын эң жакшы билишет болчу. Бирок «укук коргоочунун укугу бузулуп атат» деген грант бергичтер жашылбайлардан берип атса, «күнөөсү жок, саясаттын курмандыгы болду» деген «ырды» ырдаганга өтүп алышпадыбы. Акча үчүн чындыкка, калыстыкка, өздөрүнүн ыймандарына каршы иш кылып келишти, кыла беришет. Тилекке каршы, Кыргызстандагы укук коргоочулардын чыныгы жүздөрү дал ушул эжекелердикиндей… Бул ачуу чындык.

Азиза айымдын логикасы боюнча, өтө оор кылмышына карабай Азимжан Аскаров таза адам болгон болсо, анда ушу күндө абакта жаткандардын тең жарымын эркиндикке чыгарыш керек экен да…

Фейсбук социалдык тармагынан алынды

Булак: NazarNews.kg

Последние новости