www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги уулу адам өлтүрүүгө, карактоого катышкан деген адвокат Канат Хасанов менен баарлашып, кызыккан суроолорбузга жооп алдык.

-Канат мырза, эмнегедир карактоого барып, үй ээсин өлтүрүп алган окуяда сиздин да уулуңуз бар экен деген маалымат тарады. Уулуңуздун үнүнөн таанып калгыдай ал үй-бүлө менен байланышыңар бар беле?

- Каза болгон адам менин эң жакын досум. Досум болгон үчүн бир концентратты колдонуп, абалдан чыгалы дегем. Бейшен досум каза болоорунан үч күн мурун телефон чалып, өпкөсүн тарттырганын, пневмония 80 пайыз экенин, кычкылтек концентраторун таппай жатканын айтты. Абалдан чыгуу үчүн экөөбүз кезектешип бир кычкылтек канцентраторун пайдалана турган болдук. Аңгыча уулум телефон чалып, достору 5 кычкылтек концентраторго заказ бергенин, бирөөсүн сатып алса болоорун айтты. Бейшенге айтайын дегиче эле аялы Фатима концентратор тапканын айтып, сүрөтүн жөнөттү. 3 литирлик кытай концентратору экен. Андан көрө талапка жооп берген  концентраторду ал десем “макул Каке”-деди. Уулум досу экөө концентраторду алып барып, үйүнө орнотуп беришти.  Уулум менен Фатима экөө абдан жакшы сүйлөшүптүр.  Эртеси Бейшен досум менен сүйлөшсөм абалы жакшырып калганын айтты. Эч нерсе оюмда жок эле үйдө жатсам, Бейшендин фейсбуктан каза болуп калганын окуп калдым. Бир күн мурун сүйлөшкөнүбүздө эле “жакшы болуп калдым” дебеди беле деп ичим ачышып, аялы Фатимага чалдым,  теңтуштарга чалдым эч кимиси трубканы алган жок. Жакшы тааныган бир байке бар эле ага телефон чалсам эле “өлтүрүп кетти”- деди. Жаман оюм жок эле кейип, менден кандай жардам керек десем, “эч нерсе кереги жок”- деди. Менин өпкөм да 70 пайыз пневмония болуп ооруп аткам. Эч нерсе кереги жок дегенди уккандан кийин өз жаным менен алек болуп калдым. Ал мезгилде келинчегим да катуу ооруп, кыйналып жаткан. Улуу балам күндүз, кичүүсү түндө кезектешип карап жатышкан. Анан эле милициялар келгенде Фатима уулума көрсөтмө бергенин билдик. Кандай болуп кетти. Неге уулумдан шек санап жатасың деп сурайын десем, Фатима трубканы албай койду.  Милицияга барып, көрсөтмө берип, Бейшен өлгөн күнү эч жакка чыкпаганын видеолор менен далилдеп бердик. Ошон үчүн булар менин уулумду күбө катары сурак алып жатышат. Эгер шектүү болгондо эчак эле  камап салышмак.

-Досуңуздун аялына өз чындыгыңарды жеткире алдыңарбы?

-Очный ставкага чакырышканда Фатимага кайрылып, Бейшен досумдун арбагын сыйлап, экөөлөп чыныгы күнөөкөрлөрдү табалы дедим. Ал болсо, “уулуңду бекитип жатасың”- деди. Айтканыма кулак төшөбөгөндөн кийин уулума адвокат болуп очный ставкага кирдим. Фатиманын көрсөтмөлөрү башаламан болуп кетти.  Баш-аягы жок эле сүйлөй берди. Эшикке чыгып баратып, ал бирөөлөргө телефон чалып жатканын байкап калдым. Эшикке чыкканда туугандарынын баарын чогултуп алганын көрдүм.  Алар провокация кылып, бизди сабайбыз деп чыгышты. Тажаалыраак эжеси уулумду жана мени бир чапты. Алардын арасынан бизди бир жарым жылдан бери өчү бардай каралап жүргөн Алтынай Арстанбекованы да көрүп калдым.  Ал жамандап, караласа эле баары ал ойлогондой болбойт да. Жогору жакта баарыбыздан улук, барын таразалап турган Кудай бар экенин эсибизден чыгарбасак жакшы болот эле. 

-Тергөөдөн сизге күмөн жараткан жагдайларды байкадыңызбы?

-Албетте, байкадым. Болгону көпчүлүгүн тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айталбай жатам.  Бизге жалаа жапкандар кимдир бирөөнүн акылы менен уулумду каралап жатышканын түшүнүп, ал тургай ким экенин билип эле турам. Бирок, тергөө бүткүчө атын атабайм. Баары ачыкка чыккандан кийин каралап, жалган маалымат таратышканы үчүн сотко берип, түз эфирге чыгам. 

-Демек, досуңуздун аялы кимдир бирөөгө курал болуп жатат деген ойдосуз...

-Ооба, анткени Фатиманын сөзүндө чындык жок. Ал досумду өлтүргөндөр   акча уурдалып кеткенин айтышты. Мен досумду жакшы билем. Анын компаньондору бар. Мүмкүн бирөөгө бересе же аласадыр.  Буюрса, тергөөнүн жыйынтыгы менен аны менин уулум эмес,  башкалар  өлтүргөнү чыгат.  Тергөөгө киргенде дагы күмөн санаткан көп жагдай жаралды. Анткени, досум ооруканадан каза болгон жок. Ошондой эле муунткандан же байлап салгандан каза болгон жок. Досумдун тили кирип кетиптир. Пневмония маалында тили тартылып, эс учун жоготоорун аялымдан билем. Анын жанында болгонубуз үчүн аман алып калдык. Бейшендин да тили кирип кетиптир. Ошон үчүн көп суроолор пайда болду. Кыскасы, Фатиманын берген көрсөтмөлөрү чындыкка караандабайт. Ал чындыкка дал келбеген жомокторду айтып жатат. Сыягы, ортодо акча ойноп жаткандай. Ошон үчүн баш-аягы жок сүйлөп, бирөөлөрдүн көрсөтмөсү менен иш кылып жаткансыйт.

Тергөөдө дагы көптөгөн кызык нерселерге күбө болдум. Айтайын дегеним, а, Бейшен досум өлгөндө үйүндө карындашы бар экен. Ал көлдөн жакында эле келиптир. Фатима менен Бейшендин колун байлаганда эмнегедир карындашын байлашкан да эмес. Ошон үчүн анын жигити бар же жогун иликтеш керек. Мен шек санаган бир канча жагдай бар. Көбүн тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн айталбай жатам. Буюрса, уулум ал жакта болбогонун, адам өлтүрүүгө катышпаганын далилдеп берем.

-Уулуңуз кайда иштейт? Канча жашта?

-Уулум юрфактын 4-курсунда окуйт. Көп учурда айдоочулук милдетти аткарып, менин жанымда болот.

-Чоң-Казатты каралоо үчүн уулуңузду бул ишке аралаштырып жатышкан жокпу?

-Бул иштин “Чоң Казатка” байлаган туура эмес. Бул иш менин үй бүлөмдүн иши. “Чоң Казаттын” эч кандай тиешеси жок. Бирок, мындай каралоолор Абылгазиевге арыз жазгандан кийин күч алды десем болот.

Булак. NazarNews.kg

Последние новости