www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Гордон» басылмасынын автору Валерий Пекарь АКШнын «союзчулук» түшүнүгү тууралуу катуу сын айтты. Анда ал алдын-ала берилген убада, бирок кийин ара жолго таштап кетүү Американын адатты экенин белгилейт. Мындай мисалдар көп. Алсак, курддар, ирандык протестчилер, венесуэлалык оппозиция, украиндер, Тайвань жана Израил айта берсе тизме узара берет.
Автордун ою боюнча, Америка көп учурда «кызматтык» кызыкчылыктын негизинде иш кылат. Алар бирөөгө жардам берип, андан кийин кызыкчылыгы өзгөргөндө четке кагышат.
Мисалы, курддарды ИГИЛге каршы күрөшкө тартканда убада берип, кийин аларды таштап кетишти.
Ирандагы жаштарды да колдой турганын айтып, кийин алардын нааразычылыгын бийлик күч менен басканда жардам бербеди. Венесуэлада демократияны орнотуу үчүн оппозицияны колдой алмак, бирок башка жолду тандады. Украинаны колдоо да, автордун пикиринде, «союзчулук» эмес, убактылуу кызыкчылык менен жүргүзүлүүдө.
Кытай-Тайвань маселесинде да АКШ көп сөз айтат. Бирок аягында «коркоктук» менен артка кетет деп божомолдойт. Израиль менен болгон мамилелерде да америкалыктар “даяр союздук” деп эсептелгенине карабастан, тарыхта көп жолу артка кайтканы айтылат.
Автор акырында эң маанилүү ойду чыгарат: АКШнын саясатында көп учурда «кыска мөөнөттүү транзакциялар» жеңишке жетет. Бирок бул баарына эле зыян алып келет.