www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматынын жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышты.

МинКаб башчысы Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылы 391,8 млрд сом чогултуп, планды 8,2 млрд сомго ашыгы менен аткарганын айтып, акыркы жылдары санариптештирүү, салыктык администрлөөнү жөнөкөйлөтүү, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу багытында бир катар алгылыктуу чаралар ишке киргенин белгиледи.

Министрлер Кабинетинин башчысы бюджеттин өсүшүнө таасир эткен бир катар факторлорду белгиледи, алардын ичинде: экономиканын өсүшү, өлкөнүн ИДПсы 2020-жылы 8,3 млрд долларды түзсө, 2025-жылы – 22,6 млрд доллардан ашты; салыктык башкаруунун жакшырышы, салыктык түшүүлөр болжол менен 4 эсеге көбөйдү; бажылык түшүүлөр 6 эсеге көбөйдү; салыктык эмес түшүүлөр 8-9 эсеге көбөйдү; экономикалык активдүүлүктүн өсүшү, курулуш, соода, тейлөө чөйрөсүндө, айыл чарбасында өсүш байкалууда; алтындын дүйнөлүк баасынын жогорулашынан улам, Кумтөрдүн ишмердүүлүгүнөн түшкөн киреше 5 млрд доллардан ашты.

МинКаб башчысы бул жылга Президент тарабынан коюлган негизги милдеттердин бири – социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу экенин белгиледи.

“Бул милдетти ошондой эле бардык ири инфраструктуралык долбоорлорго, ири саясий   мамлекеттик иш-чараларга каражаттарды таап, өз убагында каржылап турууда – Салык кызматы негизги күчтү Сиздер бересиздер”-деди ал.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы коллегияда Салыктык карыздардын көбөйүшү жана кошумча нарк салыгынан  ашып кеткен суммалардын жана башка салыктардын ашыкча төлөнгөн суммасынын системалуу түрдө өсүп баратышы көйгөйлөрүнө көңүл буруп, бул маселелерди кечиктирбестен чечүүнү талап кылды.

Ошондой эле МинКаб башчысы “Салык күзөт” маалыматтык системасы менен таанышып, аны өркүндөтүү жана жакынкы аралыкта ишке киргизүү тапшырмасын берди.

Сөзүнүн акырында МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев алдыда турган максаттарга жетиш үчүн азыркыдан күчтүү дем менен,  кесипкөйлүк менен иштөө зарыл деп белгиледи.

“2 күн мурда Бириккен араб эмираттарында өткөн Дүйнөлүк Өкмөт Саммитинин алкагында "Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн модели" деп аталган иш-чараны өткөрүп келдик. Өлкөбүздүн ийгиликтүү тарыхы жана "Ак илбирс" деп аталган экономикалык өсүштүн уникалдуу модели жөнүндө баяндадык. Ушул темптен, ушул басыктан жазбай баарыбыз күжүрмөн эмгек менен жаңы жеңиштерге жетишибиз керек”-деп сөзүн МинКаб башчысы Адылбек Касымалиев жыйынтыктап, Мамлекеттик салык кызматынын айрым кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.

Последние новости