www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев 3–5-апрель күндөрү Түркия Республикасынын Анталья провинциясынын Белек туристтик борборунда өткөн VIII Этноспорт форумуна катышты.

Форумдун алкагында Агенттиктин директору ачылыш аземине катышып, анда Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын президенти Нежметтин Билал Эрдоган “Ethnosport 2027” демилгесин тааныштырды.

Жогорку деңгээлдеги министрлик сессиясында сүйлөгөн сөзүндө Урмат Асанбаев Кыргыз Республикасынын этноспортун өнүктүрүү жана эл аралык кызматташууну бекемдөө багытындагы туруктуу позициясын белгиледи:

“Кыргыз Республикасы спорттун улуттук түрлөрүн өнүктүрүүдө эл аралык аракеттерди консолидациялоону колдойт. Бул багытта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өзгөчө мааниге ээ болуп, мамлекеттерди жана элдерди салттуу маданият менен спорттун жалпы баалуулуктарынын айланасында бириктирген глобалдык платформага айланды.

“Ethnosport 2027” демилгесин талкуулоонун жүрүшүндө ал этноспортту өнүктүрүүгө системалуу мамиле кылуунун маанилүүлүгүн белгилеп, уюштуруучулук механизмдерди өркүндөтүү, катышуучулардын географиясын кеңейтүү, ошондой эле жаштарды жана эксперттик коомчулукту активдүү тартуу зарылдыгын айтты.

Форумдун алкагында Урмат Асанбаев Россия Федерациясынын спорт министри Михаил Дегтярёв менен жумушчу жолугушуу өткөрүп, анда тараптар кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашышты.

Мындан тышкары, улуттук спорт түрлөрү боюнча эл аралык федерациялардын өкүлдөрү жана салттуу оюндарды өнүктүрүү багытында иш алып барган уюмдар менен бир катар жолугушуулар өттү.

Маалымат үчүн:
Этноспорт форуму салттуу спорт түрлөрү жана оюндар боюнча эл аралык диалог жана кызматташуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат. Ал дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан келген мамлекеттик органдарды, адистерди жана кызыкдар тараптарды бириктирип, тажрыйба жана билим алмашууга шарт түзөт.

Форумдун максаты — элдердин ортосунда өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, кызматташууну өнүктүрүү жана этноспорттун туруктуу өнүгүшүнө салым кошуу. Ошондой эле бул аянтча салттуу спорт түрлөрүнө байланышкан мүмкүнчүлүктөрдү жана көйгөйлөрдү системалуу түрдө талкуулоого шарт түзөт.

Последние новости