www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүндө тергөө кызматынын кесиптик майрамына карата салтанаттуу иш-чара болуп өттү.

Иш-чарага Ысык-Көл РИИБдин башчысы Акылбек Бекишев, Чолпон-Ата шаарынын мэри Рустам Кадыркулов, Ысык-Көл районунун прокурорунун орун басары Заир  Калмуратов жана ардагерлер катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө тергөө кызматынын коомдогу орду жана мааниси кеңири белгиленди. Тергөөнүн негизги милдеттери катары кылмыштарды ыкчам жана сапаттуу иликтөө, далилдерди мыйзам чегинде чогултуу, жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле адилеттүүлүктү камсыз кылуу экендиги айтылды. Тергөөчүлөрдүн кесипкөйлүгү, тактыгы жана жоопкерчилиги укук коргоо системасында өзгөчө мааниге ээ экени баса белгиленди.

Иш-чаранын алкагында мыкты кызматкерлерге ардак грамоталар жана ыраазычылык каттар тапшырылып, көп жылдык тажрыйбасы менен бөлүшүп келген ардагерлерге өзгөчө сый көрсөтүлдү.

Коноктор өз сөздөрүндө тергөө кызматкерлерине чың ден соолук, туруктуулук, мыйзамдуулукту бекем сактоодо ийгиликтерди каалашты.

Последние новости