www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
14-16-апрель күндөрү Бишкек шаарында KyrgyzBuild 2026 – курулуш тармагын өнүктүрүүгө жана анын катышуучуларынын кесиптик өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүүгө багытталган эң ири эл аралык курулуш көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирет.
Көргөзмөнүн алкагында дүйнөнүн 9 өлкөсүнөн 110дон ашык компания, заманбап курулуш материалдары жана технологиялары, имараттардын инженердик системалары, энергетикалык жана инфраструктуралык чечимдер, металл конструкциялары, ошондой эле курулуш техникасы жана жабдуулары көрсөтүлөт.
Көргөзмө ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүүгө, заманбап курулуш технологияларын киргизүүгө, курулуш иштеринин сапатын жогорулатууга, кадрдык потенциалды өнүктүрүүгө, шаардык жана коммуналдык инфраструктураны модернизациялоого көмөктөшөт.
Мындан тышкары, иш-чара эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын курулуш тармагына алдыңкы технологияларды тартууга өбөлгө түзөт.
Көргөзмө Бишкек шаары, Иса Ахунбаев көчөсү, 97 дарегинде өтөт.