www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Кытай Эл Республикасынын Хэбэй педагогикалык университети ортосундагы кызматташтыктын алкагында музейдин уникалдуу коллекцияларына арналган китеп-альбом кытай тилинде басмадан чыгып, Кытай элине тартууланды.
Бул басылма кыргыз элинин бай тарыхый жана маданий мурастарын эл аралык деңгээлде таанытууга багытталган маанилүү долбоор болуп саналат.
Китеп-альбомго Кыргызстандын аймагынан табылган баалуу археологиялык жана этнографиялык экспонаттар киргизилген. Алардын катарында Чүй өрөөнүнөн табылган «Шамшы ханышасы» комплекси, сак доорунун ат жабдыктарынын бөлүктөрү, таш балбалдар, керамикалык карапалар сыяктуу археологиялык табылгалар бар. Ошондой эле көчмөн кыргыздардын маданиятын чагылдырган этнографиялык коллекциялар — улуттук кийимдер, салттуу сайма үлгүлөрү, күмүш жана маржан менен кооздолгон аялдардын зер буюмдары, курал-жарактар жана башка уникалдуу артефакттар камтылган.
Бул басылма кыргыз маданиятынын байлыгын жана тарыхый мурастарын дүйнөлүк илимий жана маданий чөйрөгө таанытуудагы маанилүү кадам болуп эсептелет.