www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун директору доктор Ханс Клюге менен кеңейтилген жолугушуу өткөрдү. Жолугушууга  ДССУнун Европа регионалдык бюросунун өкүлдөрү, Кыргыз Республикасындагы ДССУнун өлкөлүк кеңсесинин башчысы Ливиу Ведраско, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги жана профилдик адистери катышты.

Жолугушуу Бишкекте Кыргыз Республикасынын төрагалыгы алдында өткөн Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин тогузунчу кеңешмесинен кийин уюштурулду. Тараптар стратегиялык кызматташтыктын мындан аркы багыттарын жана улуттук саламаттык сактоо системасын реформалоонун артыкчылыктарын талкуулашты.

Жолугушууну ачып жатып, КР Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен өнөктөштүктүн маанилүүлүгүн белгилеп, тармакты өнүктүрүүнүн негизги багыттары боюнча кызматташтыкты андан ары кеңейтүү зарыл экенин баса белгиледи.

«Биз Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун глобалдык, аймактык жана өлкөлүк деңгээлдеги колдоосун жогору баалайбыз. Кыргыз Республикасы үчүн бул — туруктуу реформаларды илгерилетүүгө, заманбап ыкмаларды киргизүүгө жана улуттук саламаттык сактоо системасынын потенциалын күчөтүүгө жардам берген стратегиялык өнөктөштүк. Бүгүнкү күндө алдыбызда чоң милдеттер турат — баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, кадрдык базаны чыңдоо, санариптештирүү, оорулардын алдын алуу. Эне жана баланын ден соолугун коргоо да өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Биз үчүн энелердин жана балдардын өлүмүн азайтуу, эмдөө менен камтууну жогорулатуу жана аялдар менен балдарга сапаттуу жардам көрсөтүүнү камсыз кылуу боюнча биргелешкен ишти күчөтүү маанилүү. Бардык негизги багыттар боюнча кызматташтыктын тереңдешине ишеним артабыз», — деп баса белгиледи Дамир Осмонов.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө саламаттык сактоо системасынын базалык деңгээли катары баштапкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду. Айылдык, жетүүгө кыйын болгон жана тоолуу аймактарда медициналык жардамды уюштуруунун заманбап моделдери, телемедицинаны киргизүү, дисциплиналар аралык командаларды күчөтүү, ошондой эле саламаттык сактоону башкаруунун аймактык деңгээлинин ролун жогорулатуу маселелери талкууланды.

Тараптар кадр саясаты боюнча маселелерди өзүнчө карашты. Кыргыз тарап саламаттык сактоодогу адам ресурстары боюнча узак мөөнөттүү улуттук стратегияны иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Бул стратегия адистерди аймактарга тартуу механизмдерин, кадрларды туруктуу калтырууну, квалификациясын жогорулатууну жана реалдуу жүктөмдүн негизинде медицина кызматкерлерине болгон муктаждыкты пландаштыруунун эл аралык инструменттерин колдонууну камтыйт.

Талкуунун олуттуу бөлүгү саламаттык сактоо системасын санариптик трансформациялоого арналды. Электрондук регистрлерди, аналитикалык платформаларды өнүктүрүү, дары-дармектерге болгон муктаждыкты болжолдоо, ресурстарды санариптик башкаруу жана өзгөчө алыскы аймактардын калкы үчүн телемедициналык кызматтарды кеңейтүү маселелери каралды.

Ошондой эле жугуштуу эмес оорулар менен күрөшүү боюнча биргелешкен чаралар талкууланды. Кыргыз Республикасы кант диабети, жүрөк-кан тамыр оорулары, онкологиялык оорулардын алдын алууну чыңдоо жана сергек жашоо образын жайылтуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди тааныштырды. Ден соолукка зыян келтирүүчү продукцияларга, анын ичинде курамында канты бар суусундуктарга карата салык саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар өзүнчө белгиленди.

Калкты иммунизациялоо маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Кыргыз тарап балдарды эмдөө менен камтууну андан ары жогорулатуу, алдын алуу программаларын кеңейтүү зарылдыгын, ошондой эле жатын моюнчасынын рагын алдын алуу чарасы катары адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөөнү киргизүүнүн ийгиликтүү тажрыйбасын белгиледи. Скринингдик программаларды ишке киргизүү пландары талкууланды.

Артыкчылыктуу багыттардын катарында эне жана баланы коргоо, энелердин жана ымыркайлардын өлүмүн азайтуу, ооруларды эрте диагностикалоо, ошондой эле аялдар менен балдардын сапаттуу медициналык жардамга жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү да аталды.

Саламаттык сактоо системасынын өзгөчө кырдаалдарга жана эпидемиологиялык коркунучтарга даярдыгы жолугушуунун өзүнчө багыты болду. Эл аралык медициналык-санитардык эрежелерди ишке ашыруу, мекемелер аралык координация жана жооп кайтаруунун улуттук потенциалын андан ары чыңдоо маселелери каралды.

Кыргыз тарап «Бирдиктүү ден соолук» мамилесинин алкагындагы демилгелерди, анын ичинде санитардык коопсуздук, жугуштуу оорулардын алдын алуу, таза суу менен камсыздоо, мектептердеги, бала бакчалардагы жана медициналык уюмдардагы санитардык шарттарды жакшыртуу боюнча секторлор аралык өз ара аракеттенүүнү тааныштырды.

Доктор Ханс Клюге Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан реформаларды жогору баалап, ДССУ негизги багыттар боюнча эксперттик жана техникалык колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр экенин ырастады.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты андан ары кеңейтүүгө өз ара кызыкдар экендиктерин ырасташты жана Кыргыз Республикасынын заманбап, туруктуу жана адамга багытталган саламаттык сактоо системасын калыптандыруу боюнча биргелешкен ишти улантууну макулдашты.

Последние новости