www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда кене чагып, ооруканага кайрылгандар соңку күндөрү көбөйө баштаганын Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти билдирди. Мекеменин 21-апрелдеги маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери кене чагып алган 128 адам дарыгерге кайрылган, алардын көбү Бишкекте жана Чүйдө.
Жалпысынан 189 адам энцефалитине каршы эмдөө алды.
Адистер адатта жаз-жай айларында кене чагып алгандар көп катталарын, талаа-тоого чыкканда абайлоо керектигин эскертип келишет. Ошондой эле Ала-Арча, "Теплые ключи", Кегети капчыгайы жана Токмок токой чарбасына барбай туруу сунушталды.
Расмий маалымат боюнча өткөн жылы кене чагып алган 713 учур катталган.
Кене энцефалити адамдын борбордук нерв системасын жабыркатуучу вирустук илдет. Адам алгач бир аз алсырап, ооруксунуп, көп өтпөй жакшы болуп калат. Бирок болжол менен бир аптадан кийин оорунун экинчи фазасы башталып, бейтаптын денеси ысып, башы ооруй баштайт.