www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Улуттук тарых музейи имаратында Улуу Ата Мекендик согушту эскерүү күнүнө карата “Жеңиш музейинин” “Элдердин трагедиясы” аттуу көргөзмөсүнүн расмий ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чараны музейдин директору, профессор Жылдыз Бакашова ачып, ал өз сөзүндө көргөзмө согуштун драматизмин жана адамзат тарыхындагы оор сыноолорду терең чагылдырган долбоор экенин белгиледи.
Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Марат Иманкулов катышып, ошондой эле сөз сүйлөгөн расмий өкүлдөр “Эч ким, эч нерсе, эч качан унутулбайт” деген ураандын маанисин баса белгилешти. Алар согуштун трагедиясы адамзат үчүн чоң сабак болуп калышы керектигин белгилеп өтүштү.
Көргөзмөнүн алкагында согуштун жана Жеңиштин хронологиясын чагылдырган экспозициялар сунушталып, иш-чара “Группа крови” көркөм тасмасын көрсөтүү менен уланды.
Салтанаттуу иш-чарага ошондой эле Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Сергей Вакунов, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Асеин Исаев, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев катышты.
Мындан тышкары, Азербайжан Республикасынын Элчиси Латиф Гандилов, Беларусь Республикасынын Элчиси Сергей Молунов, Тажикстан Республикасынын Элчиси Ализода Назирмад, Пакистан Ислам Республикасынын Элчиси Хан Алтамаш Вазир, ошондой эле Россотрудничество жана “Гармония” маданий борборунун өкүлдөрү, музей кызматкерлери, жогорку окуу жайлардын студенттери жана башка мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышышты.