www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Кайрат Турсункулов Палестина Мамлекетинин Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уайлл Ахмед Батрехинин ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн кабыл алды.

Министрдин орун басары Элчини жогорку кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага кыргыз-палестина мамилелерин өнүктүрүүдө ийгиликтерди каалады жана Кыргыз Республикасынын Палестина Мамлекети менен өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыктын күн тартибин, атап айтканда, ар кандай тармактардагы кол коюлган эки тараптуу документтерди ишке ашырууну талкуулашты.

Өз кезегинде Элчи жылуу кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара кызыкчылык жараткан ар кандай багыттар боюнча кызматташууну бекемдөө үчүн зарыл болгон күч-аракетти жумшай турганына ишендирди.

Последние новости