www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарындагы мектептердин биринде физика сабагынан берген мугалим окуучу кызды зордуктоого шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 10-апрелде милицияга Токмок шаарындагы орто мектептердин биринде 2005-жылы туулган физика мугалими А.А. 2012-жылы туулган мектеп окуучусун зордуктаганы тууралуу маалымат түшкөн.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Мугалим кармалып, соттун чечими менен эки айга камалды. Учурда тергөө иштери уланууда.

Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы, жабырлануучу тарап жашы жете элек болгондуктан, окуянын толук жагдайлары тууралуу маалымат берилбей турганын билдирди.

Последние новости