www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польша Украинага аскердик жардам катары эң көп танк берген өлкө болду. Изилдөөдө расмий жарыяланган аскердик жардам гана эске алынган.
Германиянын Киль университети даярдаган изилдөөгө ылайык, Польша Украинага 254 танк жөнөткөн. Андан кийинки орундарда Нидерланддар (86 танк), Германия (78) жана Дания (57) турат. Австралия Украинага 49 даана M1A1 Abrams танкын берген.
Артиллериялык системаларды жеткирүү боюнча Улуу Британия лидер болуп, Украинага 94 артиллериялык курал жөнөткөн. Андан кийин АКШ (90), Италия (40) жана Дания (37) орун алган.
Бронетехника боюнча эң чоң колдоону АКШ көрсөткөн. Вашингтон Украинага 290 даана бронетехника берген. Кийинки орундарда Германия (154), Дания (130) жана Улуу Британия (118) турат.
Аба чабуулунан коргонуу системаларын жеткирүүдө Германия алдыда. Берлин Украинага 30 даана «Гепард» зениттик түзмөгүн, 2 «Патриот» батареясын, 2 IRIS-T системасын жана 500 даана «Стингер» ракетасын же комплектисин берген.
АКШ болсо Украинага 6 NASAMS системасын, 8 Avenger зениттик комплексин, 1 «Патриот» батареясын жана 423 даана «Стингер» ракетасын же комплектисин жөнөткөн.