www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги, өздүк курамы жана Ардагерлер кеңеши улуттук коопсуздук органдарынын ардагери, запастагы полковник Раимжан Эшенкуловдун дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.
Раимжан Эшенкулов 1947-жылдын 27-апрелинде Өзгөн районунун Заргер айылында төрөлгөн. Ал 1974-жылдын сентябрь айынан тартып мамлекеттик коопсуздук органдарында кызмат өтөп, эмгек жолун ыкчам кызматкер катары баштаган.
Кийинчерээк Кыргыз Республикасынын УКМКсынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы кызматына чейин жеткен.
УКМК маркумду улуттук коопсуздук органдарынын жогорку кесипкөй кызматкерлеринин бири катары белгилеп, анын жаркын элеси кесиптештеринин жүрөгүндө түбөлүккө сакталары айтылды.