www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК Мамлекеттик Чек ара кызматы менен биргеликте "Ак-Жол" көзөмөл өткөрүү пункту аркылуу КРнын аймагына кымбат баалуу уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүү каналын токтотту. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин 1-бөлүгүндө («Экономикалык контрабанда») жана 242-беренесинин 1-бөлүгүндө («Салыктарды жана бюджетке башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу») каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Учурда бул ишке тиешеси бар бардык адамдарды жана жагдайларды аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.