www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда Казакстандын Алматы облусундагы Балхаш районунда адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы тууралуу маалымат тарады. 38 жаштагы аялды полицияда иштеген күйөөсү сүзүп кеткен. Бул тууралуу «Тенгриньюс.кз» жазды.
Маалыматка ылайык, 16-май күнү Балхаш райондук полиция бөлүмүнүн башчысынын орун басары Капшагай — Баканас унаа жолунда жубайын сүзүп, ал каза болгон. ЖМКлар бул кырсык кызматтык автоунаа менен жасалганын билдиришкен.
Алматы облусунун полиция департаменти аялдын каза болгонун тастыктады. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, 37 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда болгон окуянын бардык жагдайларын объективдүү аныктоого багытталган тергөө аракеттери жүрүп жатат. Иликтөөнүн жүрүшү облус полициясынын жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө экени айтылды.
Полициянын басма сөз кызматы окуяга кызматкердин тиешеси бар экенин расмий тастыктаган да, төгүндөгөн да эмес. Ошондой эле мекеме Кылмыш-процессуалдык кодекстин 201-беренесине ылайык башка маалыматтар ачыкка чыгарылбай турганын белгилеген.