www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады.
Тергөө тарабынан аныкталгандай, Ош шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын жетекчисинин орун басары К.М. кызмат адамдары менен тил табышып, В.В. Терешкова атындагы №11 мектеп-интернатынын жатаканасынын имаратын бузуу боюнча мамлекеттик сатып алуулардын жасалма процедураларын уюштурган.
Анын үстүнө, имаратты бузуу иштери алдын ала - 2022-жылдын июль жана сентябрь айларынын аралыгында, тендер өткөрүлүп, келишимдерге кол коюлганга чейин жүргүзүлгөн.
Жумуштар белгиленген тартиптен тышкары жеке адамды тартуу менен аткарылган.
Мындан тышкары, бузулгандан кийин калган, баасы 7 046 618 сом болгон курулуш материалдары мыйзамсыз сатылган. Бул фактыны жашыруу максатында материалдарды жараксыз деп табуу жөнүндө акт жасалмаланган.
Мамлекетке келтирилген жалпы зыян 7 713 028 сомду түздү.
Тергөө жыйынтыгы боюнча К.М. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылды. Ош шаардык сотунун 2025-жылдын 31-октябрындагы чечими менен ал күнөөлүү деп табылып, 300 000 сом өлчөмүндө айып пул салынган, ошондой эле 6 713 028 сом өлчөмүндөгү зыянды өндүрүп берүү милдеттендирилген.
Ош облустук сотунун 2026-жылдын 9-февралындагы токтому менен өкүм өзгөртүүсүз калтырылган.
Учурда соттолгон адамдын кассациялык даттануусу Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунда каралууда.
УКМК соттук териштирүүнүн жүрүшүнө көзөмөл жүргүзүүнү улантууда.