www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

МинКаб төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков 15-апрелде Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун алкагындагы иш-чаралардын алкагында Ирандын Айыл чарба министри Голамреза Нури менен жолугушту.

Суу ресурстары, айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү, товар жүгүртүүнү көбөйтүү жана ЕАЭБ менен Иран ортосундагы эркин соода келишиминин мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле экстерриториялык айыл чарба долбоорлорун ишке ашыруу, сугат технологияларын өнүктүрүү, кайра иштетүү, мал чарбачылыгы, ветеринария жана фитосанитария тармагында кызматташууну күчөтүү боюнча макулдашуулар белгиленди.

Кыргыз тарап бал жана фасоль продукцияларын Иран рыногуна экспорттоону кеңейтүүгө даяр экенин дагы бир ирет тастыктады. 

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттер ортосундагы айыл чарба жана кайра иштетилген продукциялар боюнча товар жүгүртүү 49,3 млн АКШ долларын түзгөн. Экспорт импорттон жогору болуп, негизинен кайра иштетилген азык-түлүк продукциялары басымдуулук кылды. Бул багытта кыргыз тарап Иран рыногуна экологиялык таза продукцияларды көбөйтүү үчүн жеңилдиктерди берүү маселесин маанилүү деп эсептейт.

Ошондой эле кыргыз тарап акыркы кайгылуу окуяларга байланыштуу Иран элине терең көңүл айтып, каза болгондордун жакындарына аза кайгысын тең бөлүшөрүн билдирди.

Последние новости