www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан 2026-жылдын 8-апрелинде 232 сандуу токтому менен Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында коррупциялык тобокелдиктерди аныктоо, баалоо жана башкаруу тартиби жөнүндө Жобо бекитилди.

Аталган Жобо Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан 2025–2030-жылдарга карата Кыргыз Республикасында коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча мамлекеттик стратегияны ишке ашыруунун алкагында иштелип чыгып, коррупциянын алдын алуунун заманбап ыкмаларын киргизүүгө багытталган.

Жобо коррупциялык тобокелдиктерди аныктоонун, баалоонун жана башкаруунун бирдиктүү системасын аныктайт. Анын ичинде тобокелдиктерди идентификациялоо, маанилүүлүк деңгээли боюнча бөлүштүрүү, чараларды иштеп чыгуу жана мониторинг жүргүзүү каралган.

Өзгөчө көңүл эң алсыз чөйрөлөргө, атап айтканда мамлекеттик сатып алуулар, мамлекеттик (муниципалдык) мүлктү башкаруу жана тескөө, контроль жана көзөмөл жүргүзүү, уруксат берүүчү жана каттоо жол-жоболоруна бурулган.

Жобого ылайык, мамлекеттик органдар коррупциялык тобокелдиктердин тизмесин түзүп, аны үзгүлтүксүз жаңыртып турууга, ошондой эле аларды башкаруу боюнча конкреттүү иш-чараларды, аткаруу мөөнөттөрүн жана натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн камтыган пландарды иштеп чыгууга милдеттүү. Бул маалыматтарды милдеттүү түрдө жарыялоо каралып, мамлекеттик органдардын ишинин ачыктыгын жана отчеттуулугун жогорулатууга шарт түзөт.

Ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын жетекчилерине коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу системасын уюштуруу жана анын натыйжалуу иштеши үчүн жеке жоопкерчилик жүктөлөт.

Жобону ишке ашыруу коррупциянын алдын алуу боюнча ички механизмдерди күчөтүүгө, мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, негизги тармактардагы коррупциялык тобокелдиктерди азайтууга жана жарандардын мамлекеттик институттарга болгон ишенимин бекемдөөгө мүмкүндүк берет.

Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы жаңы тартипти ишке киргизүүнү координациялоону жана методикалык жактан коштоону улантуу менен анын аткарылышына мониторинг жүргүзөт.

Последние новости