www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 КР УКМК «Кыргыз почтасы» ААКтын көзөмөлдөө-текшерүү  башкармалыгынын жардамы менен мамлекеттик органдардагы коррупцияны аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан  иш-чаралардын алкагында бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктады.

Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталгандай, «Кыргыз почтасы» ААКнын Сокулук филиалынын мурдагы башкы эсепчиси И.В.Б. 2025-жылдын август айынан 2026-жылдын январь айына чейинки мезгилде кызматтык абалынан пайдаланып, акча каражаттарын мыйзамсыз түрдө өзүнүн жеке банктык эсебине которуп турган.

Жалпы келтирилген зыяндын суммасы 15 млн сом экендиги аныкталган. Көрсөтүлгөн каражаттардын бир бөлүгүн И.В.Б. жеке максаттарда, анын ичинде Ысык-Көл облусунун курорттук аймагынан кыймылсыз мүлк сатып алууга пайдаланган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголду.

Учурда иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган зарыл болгон тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө, ошондой эле келтирилген зыянды өндүрүү боюнча чаралар көрүлүп жатат.    

Последние новости