www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 26-мартта, агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин аймагында иштетилбей турган эки имаратты реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Бул аймакта «Мектеп 21 – санариптик технологиялар мектеби» ачылат. Мектеп 200 орунга ылайыкталган, 24 саат бою иштейт жана окуу толугу менен акысыз болуп, 18 жаштан жогорку бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү болот. Алар команда менен практикалык тапшырмаларды аткарып, IT платформасы аркылуу окуйт.
Аталган мектепти ушул жылдын жай айында ачуу пландалууда. Бул долбоор өлкөнүн санариптик потенциалын жана технологиялык кадрлар базасын күчөтүүгө багытталган.