www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарындагы «Жаштык Арена» аянтчасында киберкоопсуздук боюнча улуттук «CYBERNOMAD FEST 2026» фестивалы өтүп жатат. Иш-чарага мамлекеттик органдардын, банк жана каржы секторунун, телекоммуникация жана IT-компаниялардын, билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, эксперттер жана киберкоопсуздук боюнча адистер катышууда.

Фестивалдын алкагында маалыматтык жана киберкоопсуздукту камсыз кылуу маселелери боюнча Ведомстволор аралык комиссиянын биринчи отуруму өттү. Анда мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү, учурдагы киберкоркунучтарды баалоо жана координациялоо механизмдерин өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Быйылкы фестиваль 700дөн ашуун катышуучуну бир аянтчага топтоду. Программа төрт негизги багытты камтыйт: Cyber Conference форуму, Cyber EXPO технологиялык көргөзмөсү, Cyber Nomad CTF практикалык кибермашыгуулары жана кесиптик байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган Networking Hub аянтчасы.

Cyber Nomad CTF мелдешинин финалы бүгүн Attack/Defense форматында өтүүдө. Финалга тандоо баскычтарынын жыйынтыгы менен 11 команда чыкты. Катышуучулар бир эле учурда өз инфраструктурасын коргоп, атаандаштарынын системаларындагы алсыздыктарды аныктап, киберинциденттерге ыкчам чара көрүшүүдө.

Мындан тышкары, Cyber Conference форумунда мамлекеттик маалыматтык системаларды жана критикалык маалыматтык инфраструктураны коргоо, заманбап киберкоркунучтарга каршы аракеттенүү, каржы жана телекоммуникация тармактарынын коопсуздугу, адистерди даярдоо жана улуттук киберкоопсуздукту өнүктүрүү маселелери талкууланууда.

Ал эми Cyber EXPO аянтчасында киберкоопсуздук жаатындагы 10дон ашык уюмдун технологиялык чечимдери көрсөтүлүүдө.

«CYBERNOMAD FEST 2026» фестивалынын негизги уюштуруучусу — Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети. Иш-чара Улуттук банк, SkySOC Beeline жана Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин активдүү катышуусу менен өткөрүлүүдө.

Фестиваль Кыргызстанда киберкоопсуздук боюнча тажрыйба алмашуу, адистердин кесиптик компетенцияларын өнүктүрүү жана өлкөнүн кибертуруктуулугун чыңдоо үчүн жыл сайын өткөрүлүүчү улуттук аянтчага айланууну көздөйт.

 

Последние новости