www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгы Кытайдан тарифтик жеңилдик менен ташылып келинген электромобилдерди мыйзамсыз өткөрүп берүү боюнча беш фактыны аныктады.

Маалыматка караганда, электромобилдерди жеңилдетилген шартта алып келген Кыргызстандын жарандары тиешелүү бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн, унааларды Россиянын жарандарына өткөрүп беришкен.

Бажы кызматы белгилегендей, ЕАЭБдин бажы мыйзамдарына ылайык, тарифтик жеңилдик менен киргизилген мындай транспорт каражаттарына ээлик кылуу, пайдалануу жана тескөө укуктарын Россиянын жарандарына же Россияда туруктуу жашаган адамдарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт.

Аныкталган беш факты боюнча Кыргызстандын бюджетине келтирилген материалдык зыян, туумдарды кошкондо, 3 млн 982 миң 274 сомду түзгөн.

Топтолгон материалдар укуктук баа берүү үчүн Мамлекеттик бажы кызматынын Тергөө башкармалыгына өткөрүлүп берилди.

Учурда тиешелүү кызматтар ЕАЭБдин бажы мыйзамдарын жана Кыргызстандын мыйзамдарын бузуу менен электромобилдерди өткөрүп берүүнүн башка фактыларын аныктоо боюнча текшерүү иштерин улантууда.

Мамлекеттик бажы кызматы жарандарды тарифтик жеңилдиктерди берүүдө белгиленген талаптарды сактоого чакырды.

Мыйзамдагы чектөөлөрдү бузуу бажы төлөмдөрүнүн кошумча эсептелишине жана башка жоопкерчилик чараларына алып келиши мүмкүн.

Последние новости