www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кипрдин борбору Никосия шаарындагы супермаркеттердин биринде 22 жаштагы Кыргызстандын жаранына бычак менен кол салуу болгон.
Социалдык тармактарда аталган окуянын видеосу тарады.
Окуя 3-августта Ташкынкөй районунда жайгашкан Metropol Market дүкөнүндө катталган.
Кипр полициясынын маалыматына караганда, шектүү кол салуудан кийин өзүнө да бычак сайган. Натыйжада экөө тең ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер жабырлануучу кыздын абалын оор деп баалоодо.
Айрым жергиликтүү маалымат каражаттары шектүү Түркмөнстандын жараны болушу мүмкүн экенин жазышууда. Айрым маалыматтарга караганда, кол салган жаран жабырлануучу кыздын мурдагы жигити болушу мүмкүн.
Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, аталган жаран Ж. Ага операция жасалды.
ТИМ бул окуя министрликтин жана элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө экенин белгиледи.