www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-сентябрда Чүй облусунун Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында Алыкул Осмонов атындагы мемориалдык музейде эл аралык «Алыкул Фест» поэзия фестивалынын жыйынтык этабы өттү.

Иш-чара Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, Чүй облусунун 100 жылдыгына жана Алыкул Осмонов атындагы «Ак тилек» адабий ийриминин 45 жылдыгына арналды.

Фестивалга мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар, чыгармачыл инсандар, жаш калемгерлер жана адабият сүйүүчүлөрү катышты. Ошондой эле Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Кытайдан илим, адабият жана искусство өкүлдөрү келишти.

Иш-чаранын алкагында китеп көргөзмөсү жана кол өнөрчүлүк жарманкеси уюштурулуп, катышуучулар Алыкул Осмоновдун мемориалдык музейи менен таанышты. Ошондой эле акындын эстелигине гүл коюу аземи өттү.

Фестивалда Алыкул Осмоновдун чыгармачылык мурасы, кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө кошкон салымы жана жаш калемгерлерди колдоо маселелери белгиленди.

Фестивалдын жыйынтыгында байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрүлдү:
Баш байге — Нурлан Камчыбеков;
I орун — Нурзада Макеева;
II орун — Айгүл Жамангалова;
III орун — Махабат Молдалиева.

Иш-чаранын соңунда М. Рыскулов атындагы Нарын облустук академиялык музыкалык драма театрынын артисттери Алыкул Осмоновдун чыгармачылыгына арналган «Өлбөстүккө ода» спектаклин тартуулашты.

«Алыкул Фест» фестивалы акындын чыгармачылык мурасын жайылтууга, жаш калемгерлерди колдоого жана эл аралык адабий-маданий байланыштарды чыңдоого багытталган.

Последние новости