www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

​2022–2026-жылдарга арналган инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын негизинде, ошондой эле Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына арналган иш-чаралардын алкагында, белгилүү кинорежиссёр, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген ишмери Темир Бирназаровдун “Туткун” аттуу толук метраждуу көркөм фильминин бет ачар аземи өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Фильмдин бет ачары 2026-жылдын 24-январында, саат 14:00дө, Ала-Тоо кинотеатрында өтөт. “Туткун” көркөм фильми Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы тарабынан өндүрүлгөн.

Фильмде 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш мезгилиндеги адам тагдырын баяндайт. Согуш маалында немис аскерлерине туткунга түшкөн кыргыз жоокери немис улутундагы медсестра Грета менен таанышып, экөө үй-бүлө курушат. Согуштан кийин жубайлар Германиянын Розенберг айылында жашап калышат.Башкы каарманды өмүр бою мекенине болгон кусалык коштоп, ал Кыргызстанда калган туугандарына жыл сайын кат жазып турат. Бирок узак жылдар бою жооп албайт. 43 жылдан кийин келген катта ал чыккынчы катары айыпталып, мекенде аны эч ким күтпөгөнү айтылат. Бул кат каарман үчүн оор руханий сокку болуп, кийин анын КГБ тарабынан жасалма даярдалганы белгилүү болот.

“Туткун” көркөм фильми мекенге болгон сүйүү, адам тагдыры, тарыхый адилетсиздик жана руханий трагедия темаларын терең чагылдырган драмалык чыгарма катары багытталат.
Иш-чаранын уюштуруучусу:
Т. Океев атындагы “Кыргызфильм” улуттук киностудиясы. 

Последние новости