www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2026-жылдын 20-январында Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев менен «Орто Азия Инвестициялык Холдинги» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү Гезер Селчук, Башкармалыктын төрагасы Сур Мухаммет Халук, Башкармалыктын төрагасынын орун басары Тариель Эрмеев жана компаниянын бир катар өкүлдөрүнүн кезектеги жумушчу жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Казарман ГЭС каскадын куруу долбоорлорунун алдын ала техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча маселелер талкууланып, презентация көрсөтүлдү.
Анда «Орто Азия Инвестициялык Холдинги» ААКнын өкүлдөрү Энергетика министрлигинин жетекчилигине жана адистерине иштин учурдагы абалы жөнүндө маалымат берип, алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо баскычында жетишилген негизги ыкмаларды жана натыйжаларды көрсөтүштү.

Тараптар долбоорду ишке ашыруу боюнча мындан аркы кадамдарды, ошондой эле учурдагы инвестициялык макулдашуулардын алкагында координациялоо жана өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.
КР Энергетика министри Т.Ибраев бул долбоордун өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалын өнүктүрүү, энергетикалык коопсуздукту чыңдоо, энергетика тармагына чет элдик инвестицияларды тартуу үчүн стратегиялык маанисин баса белгилеп, аталган долбоор өз убагында ишке ашырылы керектигин билдирди.
Эске салсак, 2025-жылдын 2-августунда “Казарман ГЭС каскадын куруу” долбоорлорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен “Орто Азия Инвестициялык Холдинги” ачык акционердик коому ортосунда Инвестициялык келишимдерге кол коюлган.

Инвестициялык долбоор ГЭСтерди курууга жана эксплуатациялоого, анын ичинде төмөнкү объекттерде электр энергиясын долбоорлоого, курууга, тейлөөгө жана өндүрүүгө багытталган:
«Орто Азия Инвестициялык Холдинги» ААК компаниясы каскаддын 3 ГЭСин курууга кызыктар. Алар:
Ала-Буга ГЭСи - 600 МВт
Кара-Булуң-1 ГЭСи -149 МВт
Кара-Булуң-2 ГЭСи -163 МВ
Жалпы кубаттуулугу -912 МВт.
2025-жылдын 2-августундагы Инвестициялык келишимге ылайык, инвестициянын болжолдуу көлөмү 3 миллиард АКШ долларын түзөт. Долбоорлорду мамлекеттин финансылык катышуусуз инвестордун өздүк каражаттарынын эсебинен 100% ишке ашыруу каралууда.
