www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
21-январдан 24-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Алсак,
Бишкек – Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарындагы Төө-Ашуу, 198-255-чакырымдарында Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы;
Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун 68-74, 86-101-чакырымдарында Чапчыма ашуусу,
Красная-Горка – Ак-Таш унаа жолунун 0-3 чакырымдарында;
Мырзаке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолунун 65-110 чакырымдарында;
Каракол — Эңилчек унаа жолунун 45-90-чакырымдарында Чоң-Ашуу ашуусуна;
Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад унаа жолунун 326-349-чакырымдарында Көк-Арт ашуусуна кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Мындан улам жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.