www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркмөнстандын Мары жана Лебап облустары чектешкен бир нече айылда сел жүрдү. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, 12-июнда Каракум каналы жээктен чыгып, жакын жайгашкан айылдарды суу каптаган.
«Суу каптоодон Ничка айылында 50-60 үй зыянга учурады. Айылдын көчөлөрү аркылуу кайык менен гана жүрүүгө болот», — деп жазылат маалыматта.
12-июнда социалдык түйүндөрдө Гараметнияз жана Ничка айылдарындагы сел каптаган үйлөр, көчөлөр тартылган видео пайда болгон.
Азырынча суу каптоодон жабыркаган тургундар мамлекеттен эч кандай жардам алыша элек.
Лебап облусундагы кабарчынын айтымында, Керкин районундагы бир нече айылды да суу каптап, эгин талааларын жууп, турак-үйлөрдү зыянга учуратты.
Түркмөнстандын мамлекеттик ЖМКлары бул жаратылыш кырсыгы боюнча эч кандай маалымат беришкен жок.
Булак: NazarNews.kg