www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын түштүгүндөгү Кара-Суу районунда түрк ишкерлери интенсивдүү бак өстүрүүнү пландап жатышат. Атайын сорттогу жаңгактар сырты жука, майлуулугу 40%га жогору, 3 жылда мөмөгө кирип, 150 жылга чейин мөмө берет.

Маалыматка караганда, эми дыйкандар катуу жаңгак өстүрүүнүн жаңы көчөттөрүн эгишет. Калифорниядан алып келинип жаткан катуу жаңгактын “Чаллер” сорту, эрте түшүм берип, бир түбүнөн 80 килограммга чейин мөмө берет.

Адистердин айтымдарында, жаңы сорттор Кыргызстандагы жапайы жаңгактардан бир топ артыкчылык кылат. Бою 7 метрден ашпаган эргежээл көчөттөр биринчи эккен жылы эле мөмө бере баштайт. Аны менен катар жар аянтын да көп ээлебейт. Ар бир көчөттүн баасы 430 сомго бааланууда.

Мындай маалымат Ош облустук мамлекеттик администрациясы да, интенсивдүү бак өстүрүү боюнча Туркиянын «Атлас» компаниясынын өкүлдөрү жана Орто азиядагы “Агропром Трейд” компаниясынын адистери менен болгон жолугушууда айтылды. Аталган компания буга чейин коңшу Казакстан жана Өзбекстан мамлекеттеринде иштеп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости