www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мискенбаев “баатырбы” же уурубу?

2010-жылы 7-апрель күнү Кыргызстандын эл тарабынан мыйзамдуу түрдө шайланган бийлигин, президент К. Бакиевди ал кездеги оппозициянын ана башылары башында турган бир ууч хунта көпчүлүктү Ак үйгө айдактап, басып алышпадыбы беле. Андан соң алар банктар менен дүкөндөрдү Чыңгызхандын желдеттериндей тоношуп, өрттөп, ой да кумарга батышкан. Натыйжада ак эмгеги менен ишкерчилик менен алектенген өзүбүздүн гана жарандар жүз миңдеген товарларын уурдатып, күлү көккө сапырылган чычаласын кармап кала беришкен.

Бирок “Ишенген кожоң сууга акса, алды алдыңан тал карма”,- дегендей, ошол төңкөрүш менен талоончулукту уюштургандар, катышкандар жоопко тартылмак турсун, кайра “Кыргыз эл жомокторундагы” китептеги  “Баатырларга” айланып кетишпедиби. Ошолордун катарында мурда Ош базарында краска сатып жүргөн Мээрбек Мискенбаев деген да бар болчу.

Бул “азамат” заматта алгач премьер-министр, кийин президенттик тактыны ээлеген А. Атамбаевдин эң жакын шакиртине айланып, командасына кошулуп, Ала-Тоо аянтында окко учкан 86 жигиттин атынан уюштурулган "Айкөл Ала-Тоо" коомунун жетекчиси болуп калган. Көрсө, мындай уюмдарды түзүүнүн максаты – мамлекеттен үй, жерден тышкары дагы башка материалдык жардамдарды алуу экендиги эми гана ачыкка чыгууда.

Ким билет, “Кыңыр иш кырк жылда билинет” болдубу же башка себеби барбы, айтор А. Атамбаевдин доорунда ЖК депутаты да болуп, бийликтин каймагын калпып жеп жүрүп чалчактаган М. Мискенбаевдин баягыдай арстан сүрү жок. Кайра  сууга түшкөн чычкандай болуп, былык иштери моюнуна сыйыртмактай байланып турган кербези. Жакында ал  Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматына (Финансы полициясы)  суракка чакырылды. Көрсө, ал орун басары экөөсү коомдун мүчөлөрүнө материалдык жана социалдык жардам катары түшкөн акчаны өздөрүнө ыйгарып алышкан экен.

Балким, бул кыңыр иш деле ачыкка чыкпай кала берет беле, ич ара пикирлери келишпегендиктен улам, айкөлчүлөр коомдун мурунку төрагасы Мээрбек Мискенбаев жана башка башкаруучу мүчөлөр бирикмеге чогулган акчаны "кымырып алышкан" деген арыз менен кайрылышкан.

Анын негизинде кылмыш иши козголуп, “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин жетекчиси жана анын орун басары  2 млн. сомдон көп суммадагы көмүр түрүндөгү бекер материалдык жардамды өздөрүнө ыйгарып алышканы ачыкталууда.

“Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин өкүлү Марипа Алыйкулованын айтуусунда, М. Мискенбаев бул уюмду жетектеп турган учурда апрель ыңкылабынын катышуучулары үчүн кайтарымсыз жардам катары  “Кыргызкөмүр” ишканасы берген 2 миллион сомдук көмүрдү сатып жиберген экен.

Эми каза болгон жигиттердин атынан түзүлгөн уюмду пайдаланып, алардын жесирлери менен балдарына деп алган көмүрдү пулдап жиберген эргулдарды “Баатыр” дейбизби же уурубу?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости