www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Рейтер агенттигинин маалыматы боюнча, дүйшөмбү күнү саат 22:48де Түркиянын батышында 6,1 баллга жеткен жер титирөө болду.
GFZ жер титирөөнүн эпицентри 10 чакырым тереңдикте болгонун билдирди. Түркиянын Өзгөчө кырдаалдарды башкаруу агенттиги (AFAD) эпицентри Балыкесир провинциясынын Синдирги шаарында 5,99 чакырым тереңдикте болгонун айтты.
Жер титирөөлөр Стамбул, Измир, Бурса, Маниса жана өлкөнүн башка аймактарында да болгон. Баштапкы маалыматтарга караганда, имараттар жабыркап, курмандыктар бар.
Жер титирөөдөн бир нече мүнөт өткөндөн кийин кайрадан 4,2 баллга жеткен зилзала катталган.
Түркия негизги тектоникалык жаракаларда жайгашкан жана тарыхында күчтүү сейсмикалык активдүүлүктү баштан өткөрүп келе жатышат. Дүйнөдөгү эң сейсмикалык активдүү зоналардын бири болгон Түндүк Анатолия жаракасы өлкөнүн түндүк бөлүгү аркылуу, Стамбул жайгашкан Мармар деңизинин аймагына жакын жерде.
Эске сала кетсек, 2023-жылы Түркияда 7,8 балл жер титирөө болуп, 53 000ден ашуун адам каза болуп, өлкөнүн түштүгүндөгү жана түштүк-чыгышындагы 11 провинцияда жүз миңдеген имараттар талкаланып зыянга учураган. Коңшулаш Сириянын түндүк аймактарында дагы 6000 адам каза болгон.