www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбордук шайлоо комиссиясы 27-октябрдагы отурумунда шайлоо алдындагы үгүт эрежелерин бузду деген негиз менен бир катар адамдарга айып пул салды. Ага ылайык, Фейсбуктагы баракчасында үгүт эрежелерин бузган жана Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого талапкерлер боюнча жалган маалыматтарды тараткан деген жүйө менен Бакмурат Токтогулов 19 миң 500 сом айыпка жыгылды.
Андан тышкары жарандык активист Айбек Теңизбайга, журналисттер Мирлан Дүйшөнбаев менен Нургазы Анаркуловго, парламенттин депутаты Карим Ханджезага, адвокат, шайлоого талапкерлигин коюп жаткан Канат Хасановго да 7500 сомдон айып пул салынды.
Боршайком талапкерлерге, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлерине, массалык маалымат каражаттарына жана социалдык тармактын колдонуучуларына шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүүдө мыйзам талаптарын сактоого чакырды.