www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Панда — дүйнө жүзү сүйгөн, бирок Кытай өзгөчө баалаган жаныбар. Ак менен кара түстүн айкалышы, жайбаракат мүнөзү жана бамбукту сүйгөн табияты менен бул жаратылыш керемети Кытай эли үчүн улуттук сыймык, маданий мурас жана жаратылыш менен гармониянын символу болуп саналат.

“Го Бао” — Улуттук казына

Кытайда панданы “Го Бао (国宝)” деп аташат, бул сөздүн мааниси — улуттук байлык же казына. Бул жөн эле ат эмес — бул мамиле, бул сүйүү. Пандалардын элге жана мамлекетке болгон мааниси ушунчалык жогору болгондуктан, алар Кытайдын символдорунун бири катары саналат. Монеталарда, почта маркаларында, мамлекеттик белги-логотиптерде жана эл аралык маданий иш-чараларда панданын сүрөтү дайыма колдонулат.

Панда дипломатиясы — достуктун элчиси

Кытай пандаларды дүйнө өлкөлөрүнө достуктун жана тынчтыктын белгиcи катары белек кылып келген. Бул көрүнүш «панда дипломатиясы» деген ат менен белгилүү. XX кылымдын ортосунан бери Кытай ар кандай мамлекеттер менен дипломатиялык мамилени чыңдоо максатында пандаларды убактылуу ижарага берүү салтын киргизген. АКШ, Франция, Япония, Улуу Британия жана башка көптөгөн өлкөлөрдө жашаган пандалар Кытай менен ошол мамлекеттердин ортосундагы жылуу мамиленин символуна айланган.

Бул жөрөлгө жөн гана жаныбар тартуулоо эмес — маданий түшүнүшүүнүн, экологиялык кызматташуунун жана тынчтыктын элчиси катары мааниге ээ.

Илим жана камкордук: Пандаларды сактоо программалары

Кытай пандаларды сактоо үчүн дүйнөдөгү эң кеңири жана натыйжалуу программаларды ишке ашырган өлкөлөрдүн бири. Өлкөдө 60тан ашуун панда коруктары жана жаратылыш парктары бар, алардын эң белгилүүсү — Чэндудогу Пандаларды изилдөө жана көбөйтүү борбору (Chengdu Research Base of Giant Panda Breeding).

Бул борбордо илимпоздор пандалардын жүрүм-турумун, көбөйүү жолдорун жана генетикасын изилдеп, аларды жапайы жаратылышка кайтаруу боюнча чоң иштерди аткарышат. Ошол аракеттердин аркасында акыркы он жыл ичинде пандалардын саны көбөйүп, 2016-жылы бул жаныбарлар жоголуу коркунучундагы түрдөн “сейрек кездешүүчү түр” макамына өткөн.

Пандалар — экологиялык аң-сезимдин белгиси

Кытай өкмөтү пандаларды сактоо аркылуу жапайы жаратылышты коргоо маданиятын жигердүү өнүктүрүүдө. Пандалардын жашоо чөйрөсүн коргоо демилгелери башка көптөгөн жаныбарлардын да коопсуз жашоосуна өбөлгө түзөт — мисалы, кызыл панда, алтын маймыл, кар барысы жана башка көптөгөн түрлөр ошол эле экосистемада жашайт.

Пандалардын жашоосу — бул жаратылыштын туруктуулугунун көрсөткүчү. Эгер пандалар өз аймагында эркин жашай алса, анда ошол токой дагы, экосистема дагы жакшы сакталууда дегенди билдирет.

Панда — Кытай элинин мүнөзүн чагылдырган символ

Кытай эли панданы өзүнүн руханий дүйнөсүнүн бир бөлүгү катары кабыл алат. Пандалардын сабырдуу, тынч жана боорукер образы — кытай маданиятындагы тең салмактуулук, гармония жана табият менен ынтымакта жашоо философиясын чагылдырат. Ошондуктан панда — бул жөн гана жаныбар эмес, Кытайдын жаратылыш менен руханий биримдигинин элчиси.

Чын эле саясый көз караш менен караганда деле окшоштуктар жана салыштыруулар кашкайып көрүнүп турат.

Жыйынтык: Жаратылыш менен гармониядагы сабак

Кытайдын пандаларга болгон мамилеси бизге чоң сабак берет: жаратылышты сүйүү — бул өз мекениңди, өз келечегиңди жана дүйнө тынчтыгын сактоо. Панда аркылуу Кытай дүйнөгө камкордук, туруктуулук жана табиятка болгон урмат баалуулуктарын көрсөтүп келет. Эгер ар бир мамлекет Кытай өзүнүн “пандасын” — жаратылыш байлыгын сактай билгендей билсе, анда дүйнө эли дагы ажайып жаратылышын эч качан талкаламак эмес, деген ой кетет.

Баса, мен көргөн Кытайдын жаратылышын сөз менен сүрөттөп жеткирүү мүмкүн эмес…

Көзүмө тартылгандай керемет көрүнүш — асман тиреген тоолор булут менен кучакташып, жомоктогудай жашыл токойлор, тоонун арасын жаңырта сайраган куштар — баары биригип табигый гармония жаратып турат. Айлана тынч, абасы таза.

Тазалыгы менен тынчтыгы адамдын жан дүйнөсүн эс алдырат. Бул жердин тазалыгы – көзгө эмес, жүрөккө да тынчтык берет. Кытайдын жаратылышы чын эле керемет!!!

Гүлжан Шерипбаева, Пекин

 

Последние новости