www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусия менен болгон согушту токтотууну каалабай турганын, балким, башынан эле каалабаганын билдирди. Трамп бул тууралуу Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына жазган.

Анын айтымында, Зеленский Европадан жана АКШнын мурдагы президенти Жо Байдендин администрациясынан каржылык жардам алып келген. Трамптын пикиринде, Зеленский эки жыл мурун эле азыркыга караганда пайдалуураак келишим түзө алмак.

Ошондой эле АКШ президенти Украина согуштун айынан чоң жоготууларга учураганын белгилеген. Анын айтымында, өлкөнүн көптөгөн аймактары талкаланып, бир бөлүгү көзөмөлдөн чыгып, көптөгөн адамдар жаракат алган же каза болгон.

«Мен бул согуштун аякташын каалайм», — деп жазган Трамп.

 

Последние новости