www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Дональд Трамп иммиграция Францияны кыйратканын айтып, өлкөнүн чек араларын тез арада жабууга чакырды.

Ал Truth Social социалдык тармагындагы баракчасына төмөнкүлөрдү жазган:

«Франция өрттөнүп жатат! Жүрөктөрү жек көрүү сезимине толгон, таптакыр башка дүйнөдөн келген адамдардын иммиграциясы бир кезде улуу болгон бул өлкөнү талкалады», — деп билдирген Трамп.

Ошондой эле ал Франциянын бийлигин кырдаалды көзөмөлгө алууга чакырган.

«Чек араларды жабыңыздар жана кеч болуп кала электе кырдаалды көзөмөлгө алыңыздар!» — деп жазган АКШ президенти.

Эске салсак, 17-октябрда Францияда жашоонун кымбатташына каршы массалык нааразылык акциялары өткөн. Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, акцияларга 550 миңдей адам катышкан. Алардын 110 миңи Парижде болгон. Ал эми акциянын уюштуруучулары катышуучулардын санын 800 миң деп баалашкан.

Нааразылык акциялары Парижде жана башка шаарларда башаламандыктар, өрт коюу жана дүкөндөрдү талап-тоноо менен коштолгон. Укук коргоо органдары уруксат берилбеген акцияларга катышкан 2 миңден ашуун адамды кармаган.

Последние новости