www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Финансы полициясынын мурдагы жетекчиси, Сыймык Жапыкеев өткөн түнү милицияга жеткирилип, ал жерде таң атканга чейин бир нече саат болгонун билдирди. Анын айтымында, милицияга эмне себептен жеткирилгени ага түшүндүрүлгөн эмес.
Жапыкеевдин айтымында, укук коргоо органдарынын кызматкерлери өздөрү да аны кандай негизде бөлүмгө алып келишкенин билишпейт. Милиция кызматкерлери ички иштер министри ойгонгонго чейин күтүп, андан соң окуянын жагдайларын тактамакчы болушкан.
Азырынча Ички иштер министрлиги Сыймык Жапыкеевдин милицияга жеткирилишинин себептери боюнча расмий комментарий бере элек. Ошондой эле анын милицияда кандай макамда болгону жана ага карата процессуалдык документ түзүлгөн-түзүлбөгөнү белгисиз.
Эске салсак, буга чейин Сыймык Жапыкеев 2027-жылдын 27-январына белгиленген президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген.
Бирок 8-октябрда ал «Кыргызтест» мекемесинде мамлекеттик тилди билүү боюнча милдеттүү сынактан өтө алган эмес. Жапыкеевдин айтымында, ал лексика, грамматика, окуу жана оозеки сүйлөө бөлүктөрүн ийгиликтүү тапшырган. Бирок жазуу бөлүгүнөн талап кылынган упайларды топтой алган эмес. Сынактан ийгиликтүү өтүү үчүн ага 5 упай жетпей калган.
Мамлекеттик тилди талап кылынган деңгээлде билгендигин тастыктаган сертификат президенттикке талапкер катары катталуу үчүн коюлган милдеттүү талаптардын бири болуп саналат.