www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
15-октябрда Бишкектеги Чүй проспектисинде жол кырсыгына кабылган автобустун айдоочусу кырсык болгон күнү наркологиялык текшерүүдөн өткөн жана тиешелүү жол баракчасы болгон. Бул тууралуу «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасы маалымдады.
Ишкананын маалыматына караганда, № 38 каттамда жүргөн, мамлекеттик номери 01KG230AR болгон «Zhongtong» үлгүсүндөгү автобустун айдоочусу эртең менен саат 07:30да наркологиялык текшерүүдөн өтүп, андан кийин каттамга чыккан. Ошондой эле анын жол баракчасы белгиленген тартипте таризделген.

Жол кырсыгынан кийин окуя болгон жерге келген Жол кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери айдоочуну алкоголдук мас абалын аныктоо жана кырсыктын жагдайларын тактоо үчүн медициналык текшерүүгө алып кетишкен. Ошол учурда айдоочунун жанындагы документтер, анын ичинде жол баракчасы да алынган.
Муниципалдык ишкана айдоочу наркологиялык текшерүүдөн өткөн эмес жана жол баракчасы болгон эмес деген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын билдирди. Бул жагдайлар тиешелүү документтер менен тастыкталарын белгиледи.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарында Zongtong үлгүсүндөгү автобус алты жеңил унаа менен кагышып, төрт адам жабыркаган. Кайгылуу кызматы автобустун айдоочусу мас абалында болгонун билдирген.