www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-апрелде Жогорку Кеңеште Төрага Марлен Маматалиевдин демилгеси менен жасалган жаңы заманбап коомдук кабылдама ишке киргизилди. Алгачкы кайрылган жарандарды Төрага өзү кабыл алып, жасалган санариптик мүмкүнчүлүктөрдү сыноодон өткөрдү.

Коомдук кабылдамага кагаз жүзүндө эле эмес, оозеки түрдө да айтылган кайрылууларды кабыл алуу мүмкүнчүлүгү түзүлгөн.

Аудио жазуулар жасалма интеллектке негизделген система аркылуу текст катары иштелип чыгып, дароо колу коюлуп, тиешелүү депутатка жолдонот.

Андан тышкары, бардык кайрылууларды кабыл алуу жана кароо системасы өркүндөтүлдү. Мындай жаңы системанын киргизилиши кайрылууларды ыкчам иштеп чыгууга, тейлөөнүн сапатын көтөрүүгө жана коомдук кабылдаманын кызматкерлерине болгон жүктү азайтууга мүмкүндүк берет.

Муну менен катар коомдук кабылдамада парламентке кайрылган жарандар үчүн бардык шарттар түзүлүп, балалуу энелер үчүн да атайын бөлмө каралган.

Бүгүн эле бир катар жарандар түзүлгөн шарттарды сынап көрүп, Төраганын катышуусунда өздөрүнүн кайрылууларын калтырышты.

Бул жасалган иштердин бардыгы жарандарга багытталганын белгилеген Марлен Маматалиев: “Бул коомдук кабылдама – жөн гана жарандарды кабыл алуу үчүн жай эмес, парламент менен элдин ортосундагы түз, ачык жана натыйжалуу диалогду камсыз кылуучу жаңы платформа. Биздин башкы максатыбыз ар бир жарандын үнүн угуу, көйгөйлөрүн өз убагында чечүү жана кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жаңы деңгээлге чыгаруу”, – деди.

Ал эми жарандар буга чейин парламентке кайрылууда ыңгайсыздыктар арбын болгонун белгилешип, эми көйгөйлөрүн тиешелүү депутатка ыкчам жана сапаттуу жеткирип, чечүүгө заманбап мүмкүнчүлүктөр түзүлгөнүнө ыраазычылыгын билдиришти.

Последние новости