www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 22-апрелинде Таиланддын Бангкок шаарында СПЕКАнын министрлер жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Медербек Туманов Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Башкы катчысынын орун басары Ахмад Саидмуродзода менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында пландаштырылган иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү маселелерин, ошондой эле уюмга мүчө мамлекеттердин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар биргелешкен ишти активдештирүүгө өз ара кызыкдар экендигин ырасташып, мындан аркы конструктивдүү диалогду улантууга даяр экендиктерин билдиришти.

Последние новости