www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилүүчү "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун берүү шарттары жеңилдейт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн 16 жашка чейинки балдарын "үй-бүлөгө көмөк" – ай сайын жөлөк пулу менен камтууну кеңейтүү жана аны берүүнүн даректүүлүгүн жакшыртуу максатында 2026-жылдын 10-апрелинде министрлер Кабинетинин токтому кабыл алынды.
Аталган токтомго ылайык, жеңил унаанын завод чыгарган жылды кошкондо пайдалануу мөөнөтү 20 жылдан 15 жылга азайтылып, ошону менен бирге менчигинде бир турак жайы бар аз камсыз үй-бүлөлөр "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулун ала алышаары, ал эми эки же андан көп турак жайга ээ болгон үй-бүлөлөргө жөлөк пулдун бул түрү дайындалбай тургандыгы белгиленди.
Ошондой эле аз камсыз үй-бүлөлөрдүн "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулуна муктаждыгын аныктоочу кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмү 1000 сомдон 1500 сомго чейин жогорулатылды.
Бул өзгөртүүлөр 2026-жылдын 1-сентябрынан тарта күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, жаран райондук коэффициент каралган калктуу конушта жашаса, "үй-бүлөгө көмөк" жөлөк пулу райондук коэффициентти кошуу менен төлөнөт.