www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул суу сактагычында мыйзамсыз балык уулоого каршы рейд учурунда 300 метр эски синтетикалык тор чыгарылды.

Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн иш-чаралар суудагы биологиялык ресурстарды коргоо жана мыйзамсыз балык уулоонун алдын алуу максатын көздөйт.

2026-жылдын башынан бери Токтогул суу сактагычында 52 рейд өткөрүлүп, анын жүрүшүндө жалпы узундугу 40 миң 800 метрди түзгөн синтетикалык балык уулоочу торлор жана 500 килограмм таштанды чыгарылган.

Аталган иштер балык ресурстарын сактоо максатында айрым суу объектилеринде өндүрүштүк балык уулоого киргизилген мораторийдин алкагында жүргүзүлүүдө.

Последние новости