www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көл облусунун Тоң районунда 29,9 гектар жайыт жер мамлекеттин менчигине кайтарылды. Анын базар баасы 49 млн 200 миң сомду түзөт.
Бул тууралуу райондук прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, прокуратура тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу жайыт жер 2007-жылы мыйзамсыз түрдө жеке менчикке өткөрүлүп кеткени аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында жалпы аянты 29,9 гектар болгон жер тилкеси толугу менен мамлекетке кайтарылды.