www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
30-сентябрда Бишкектеги А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү диктор Тамара Бакиева-Жаманбаеваны акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
Аза күтүү иш-чарасында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Мамытканов сөз сүйлөп, Тамара Жаманбаеванын кыргыз телерадиосунун өнүгүшүнө кошкон салымын белгилеп, маркумдун жакындарына көңүл айтты.
Зыйнатка маданият министри Мирбек Мамбеталиев, Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Улан Сатиев жана коомдук ишмерлер, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү катышты. Алар Тамара Жаманбаеванын өмүр жолу жана чыгармачылык мурасы тууралуу эскеришти.
Тамара Жаманбаева 1943-жылы 14-майда Нарын шаарында туулган. Эмгек жолун 1959-жылы Кыргыз телевидениесинде диктор болуп баштап, кийин телерадио тармагында редактордук жана жетекчилик кызматтарда эмгектенген.
Ал кыргыз телерадиосунун өнүгүшүнө салым кошуп, жаш журналисттерди, алып баруучуларды жана дикторлорду даярдоого көңүл бурган. Кесиптик ишмердиги үчүн Кыргыз Республикасынын эл артисти наамына жана бир катар мамлекеттик сыйлыктарга татыган.
Тамара Жаманбаеванын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.