www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан менен Египет парламенттер аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана Жогорку Кеңеш менен Египеттин парламентинин ортосунда достук топторун түзүү боюнча ишти улантат.

Бул маселе 29-сентябрда Каир шаарында Кыргызстандын Египеттеги элчиси Талгат Аширбеков менен Египеттин тышкы иштер министринин парламенттик маселелер боюнча орун басары Шади Аль-Шаркави менен болгон жолугушууда талкууланды.

Тараптар кыргыз-мисир мамилелерин мындан ары өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды активдештирүү, өз ара парламенттик сапарларды уюштуруу жана мыйзам чыгаруу тажрыйбасы менен алмашуу маселелерин талкуулашты.

Жолугушууда парламенттер аралык кызматташтыкты күчөтүү эки өлкөнүн саясий, экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы байланыштарын кеңейтүүгө өбөлгө болору белгиленди.

Тараптар парламенттер аралык диалогду өнүктүрүүгө жана Кыргызстан менен Египеттин достук мамилелерин бекемдөөгө даяр экенин билдиришти.

Последние новости