www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камчыбек Ташиевдин азыркы абалы жөнүндө так маалымат берилди

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиевдин абалы жакшырууда. Бул тууралуу Ташиевге таандык делген “Регион” телеканалынын журналисти Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасына жазып чыкты.

"Урматтуу мекендештер, Камчыбек Ташиев агабыздын абалы тууралуу ар кандай маалыматтар тарай баштады. Так билдирүү: Камчыбек Ташиевдин абалы күндөн-күнгө жакшыра баштады, дарылануусун стационарда улантып жатат. Ар кайсыл булактардан чыгып жаткан так эмес маалыматтарга ишенбөөгө чакырабыз. Элибиз тезирээк бул кыйынчылыктан кутулуп кетсин деп тилек кылабыз", - деп жазган ал.

Эске сала кетсек, буга чейин Камчыбек Ташиев пневмония дартына чалдыгып, ооруканада оор абалда жатканы айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости