www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын батышындагы Пенжикент шаарында бийлик өкүлдөрү жана милиция кызматкерлери расмий түрдө «улуттук салттарга туура келбейт» деп таанылган кийимдерди кийүүгө каршы рейд өткөрүштү.
«Озоди» радиосу билдиргендей, Элдик-демократиялык партиянын жергиликтүү бөлүмү бир нече сүрөт жарыялаган. Анда бийлик өкүлдөрү чачын, моюнун жана ийиндерин жаап турган мусулман жоолуктарын (хижаб) тагынган аялдар жана кыздар менен сүйлөшүп жатканын көрүүгө болот. Алардын жанында милиция кызматкери турган.
«Бийлик бул өнөктүктүн максаты катары “бөтөн маданияттын жайылышына жол бербөө жана улуттук өзгөчөлүктү сактоо” деп атады. Бирок бул иш-чара канча аялды жана кызды камтыганы тууралуу маалымат берилген эмес», — деп жазат «Озоди».
Хижаб кийген жана буга чейин бийлик өкүлдөрүнүн сурагынан өткөн айрым аялдар жумушунда же жеке жашоосунда көйгөйлөр жаралышы мүмкүн деп кооптонуп, журналисттерге бул сүйлөшүүлөрдүн чоо-жайын айтып берүүдөн баш тартышкан.
2024-жылдын июнь айында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон «Баланы окутуу жана тарбиялоо үчүн жоопкерчилик жөнүндө» мыйзамга жана Укук бузуулар жөнүндө кодекске өзгөртүүлөрдү киргизген. Ага ылайык, «улуттук маданиятка жат» деп эсептелген кийимдерди алып келүүгө, сатууга, жайылтууга жана кийүүгө расмий тыюу салынган. Бул талаптарды бузгандарга айып пул каралган.
Тажикстанда мыйзамдарда «жат» кийим деген түшүнүк так аныкталган эмес. Бирок иш жүзүндө бийлик аялдардын хижаб, сатра, кара чачма (чадор) жана башка диний кийимдерди кийүүсүнө каршы чараларды көрүп келет.