www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстанда өлкө башчысы Эмомали Рахмондун эки жумадан ашык убакыттан бери коомчулукка көрүнбөй калганы боюнча ар түрдүү жоромолдор айтылып, токтобой жатат. Бийлик тараптан дагы расмий билдирүү болбой, коомдо анын ден соолугуна байланыштуу тирүү экенинен күмөн санаган көз караштар өкүм сүрүүдө. Айрым оппозиция өкүлдөрү анын ооруп комага түшүп, дарыгерлердин көзөмөлүндө болушу мүмкүн экенин айтышууда.
Өзгөчө 6-февралда президенттин улуу баласы, Улуттук жыйындын төрагасы Рустам Эмомали үч аймактын лидерлери менен түшкөн сүрөтүн жарыялаганы талкууну күчөттү. 9-февралда анын расмий Facebook баракчасына “Балдарыбызды жакшы тарбияласак, алар ата-энелеринин атын түбөлүккө калтырат” деген мазмундагы кеңеши жарыяланып, бул да коомчулуктун шектенүүсүн арттырды.
Маалыматтарга караганда, күч түзүмдөрү жогорку даярдыкка өткөрүлүп, жогорку кызматтагы аткаминерлерге өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. Бирок Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Саймумин Ятимов өзүнүн дарылануусун жүйө кылып, Тажикстандан чыгып кеткен. Ал Мюнхенде жана Германиянын башка шаарларында байкалганы айтылууда.
Бул күндөрү Мюнхенде коопсуздук боюнча эл аралык конференция өтүп жатат. Анда G7 өлкөлөрүнүн жана Украинанын тышкы иштер министрлери катышууда. АКШ делегациясын мамлекеттик катчы Марко Рубио жетектөөдө. Ятимов эмне себептен дал ушул мезгилде Мюнхенди тандады деген суроо жаралууда.
Айрым талдоочулардын пикиринде, Рахмондун үй-бүлөсү үчүн Ятимовдун ашыкча күч алышы коркунуч жаратышы мүмкүн. Бийлик транзити башталганда, ал болочок президент тарапта болбой калышы ыктымал. Рустам Эмомали менен Ятимовдун ортосунда көптөн берки чыңалуу бар экени айтылып келет. Мисалы, Рустам коррупцияга каршы агенттикти жетектеп турганда, анын кызматкерлери ГКНБга жакын айрым жогорку офицерлерге каршы операцияларды жүргүзгөн. Жооп иретинде Ятимов тарап да Рустамга жакын адамдарды камакка алган учурлар болгон.
Айрым эксперттердин айтымында, 2020-жылы Эмомали Рахмондун кайра президенттикке талапкерлигин коюуда Ятимов негизги роль ойногон. Ошол учурда бийликти уулуна өткөрүп берүү планы жылдырылган. Ятимов Рустам “даяр эмес” деп эсептеген деген божомол бар. Бирок Рустамдын тарапташтары муну кооптуу саясий оюн катары кабыл алышкан.
Авторитардык режимдерде, адатта, оппозиция алсыз болуп, кадрдык альтернатива болбогон шартта лидер кеткенден кийин бийлик күч түзүмдөрүнүн колуна өтүшү мүмкүн. Тарыхта мындай мисалдар арбын. Маселен, 1953-жылдагы Кубадагы окуяда Фидель Кастро жетектеген кыймыл менен Фульхенсио Батиста режиминин тиреши, 1958-жылы Пакистандагы аскердик төңкөрүш Мухаммед Айюб Хан тарабынан уюштурулганы, 1973-жылы Чилиде Аугусто Пиночет аскердик төңкөрүш кылып бийликке келгени, 1989-жылы Судандагы төңкөрүш Омар Хасан аль-Башир тарабынан ишке ашырылганын айтсак болот.
Ал эми Борбор Азиядагы жагдайга көңүл бурсак, Өзбекстанда алгачкы президенти Ислам Каримов каза болгондон кийин өлкө башкарууну ошол кездеги премьер-министр Шавкат Мирзиёев колго алган. Бийлик премьер-министрге өткөн. Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязов кайтыш болгондо, бийлик ошол кезде вице-премьер-министр жана Саламаттыкты сактоо министри болуп иштеп турган Гурбангулы Бердымухамедов Мамлекеттик коопсуздук кеңеши тарабынан президенттин милдетин аткаруучу болуп дайындалып, эки тизгин бир чылбырды кармап калган. Бийликте дээрлик 15 жыл туруп, көзү тирүүсүндө бийлик транзитин кылдат ишке ашырып, баласына өткөрүп берди. Демек, кимдин таасири күчтүү болсо, бийлик ошол колго өтөөрү тарыхта эчен ирет тастыкталган.
Андыктан Эмомали Рахмон бийлигин канчалык чыңдап, атаандаштарын өлкөдөн чыгып кеткенге аргасыз кылып, качпаганын камап, балдарын, күйөө балдарын жана башка туугандары мамлекеттик кызматтарга коюп, ири бизнес түзүмдөрүн жетектешин камсыздаганы менен бийлик транзитин баласына өткөрүүнү ишке ашыра албай келе жатат.
Мына ошол себептен учурда өлкөдө бороон алдындагы белгисиз туңгуюктук абал жаралып отурат. Азырынча Рахмондон кийинки бийлик кимдин колуна өтөрү бүдөмүк.
Эске сала кетсек, социалдык тармакта Рахмондун тирүү эместиги тууралуу талкуу күчөдү, кырдаалды байкап бир нече убакттын кийин кошумча кабар беребиз.