www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
77 жаш курагында кыргыз спортунун ардагери Болот Токтогулов дүйнө салды. Ал 1949-жылы 21-июлда Нарын облусунун Нарын шаарында туулган.
Эмгек жолун алгач 1966-1968-жылдары Нарын шаарындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде машыктыруучу болуп баштаган.
1968-1971-жылдары аскерде болгон.
1971-1976-жылдары Нарын шаарындагы балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде футбол боюнча машыктыруучу.
1972-1976-жылдары Нарын облустук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде футбол боюнча машыктыруучу.
1976-1979-жылдары Нарын облустук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде футбол боюнча ага машыктыруучу.
1981-1982-жылдары ГС ФСО “Спартак” коомунун төрагасы.
1982-1983-жылдары Нарын облустук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде башкы адис.
1983-1986-жылдары Нарын облустук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде завуч.
1986-1987-жылдары Техникумдун тарбиялоо башчысы.
1987-1999-жылдары Нарын облустук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде башкы адис.
1999-2000-жылдары Нарын облустук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин директору.
2000-2008-жылдары ФИФА проектисинин Нарын облусу боюнча Футбол федерациясынын директору.
2000-2008-жылдары Нарын облустук балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде машыктыруучу.
2019-2022- жылдары Бишкек БӨСМ методисти.
Коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн “Кыргыз Республикасынын дене тарбиясынын отличниги”, “Кыргыз Республикасынын улуттук судьясы”, Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу”, ФИФАнын грамоталары жана Улуттук агартуу Миниcтрлигинин, Улуттук спорт комитетинин, ЦК ВЛКСМ, ЦК ЛКСМ, Нарын облустук администрациясынын, Нарын шаардык мэриясынын Ардак грамоталары менен сыйланган.
Ал өмүрүнүн басымдуу бөлүгүн дене тарбия жана спорт тармагынын өнүгүшүнө арнап, жаш муундарды тарбиялоого зор салым кошкон.
Токтогулов Болоттун жаркын элеси, анын спортко жана жаштарды тарбиялоого кошкон зор эмгеги эл эсинде түбөлүк сакталат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтабыз.